Previous Next

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТОО

Урматтуу мекендештер! Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана меймандары!

Жалпыныздарды кирип келе жаткан жаны 2024-жылыныздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! 2023-жыл жалпы өлкөбүз үчүн, анын ичинде облусубуз үчүн жемиштүү жылдардан болуп, көптөгөн алгылыктуу иштер жасалды. Өнүккөн, күчтүү Кыргызстанды курууга ар бирибиз эмгек кылып, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коюуга тийишпиз. Ал эми Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу облусубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошуу менен бирге, жаны жумуш орундарын түзүү, сапаттуу курулуш объектилерин салуу, суу жана жол менен камсыздоо иштерин уланта бермекчи.

Жанырган жыл  жакшылыктын, бакубат жашоонун жылы болуп, элибизге ынтымак-ырыскы, бейпилдик, токчулук тартуулап, жакшы тилек үмүттү жана бийик максаттарды алып келсин! Жергебизде тынчтык жана бейпилдик болсун. Жараткан элибизди, жерибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктан сактасын. Баарыбызга бакыт-таалай, чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Жаңы жылыңыздар менен!

Терен урматым менен, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусунун башкаруу боюнча дирекциясынын мүдүрү Медеров Самат Кыдырмышевич!


Печать