Previous Next

ЧОҢ ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛЫНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ.

ЧОҢ ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛЫНДА ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ.
Жети-Өгүз районунун Чон Жаргылчак айылында футбол аянтчасынын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Спорттук аянтчанын ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Аталган футбол аянтчасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен салынды. Курулуштун тендерлик баасы 4 млн. 349 мин сомду түздү. Аянтчанын курулушу 2023-жылдын күз айларында башталган. Жалпы аянты 1000,8 чарчы метрди түзөт. Мындай спорттук аянчалардын жер-жерлерге курулушу айыл тургундарын сергек жашоого үндөп, жаш муундарды физикалык жана руханий жактан чыңдоого өбөлгө түзмөкчү.

Печать